Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Түштүк Корея: президенттин кызматтан кетүүсүн анын партиясы талап кылды


Президент Юн Сок Ёль.
Президент Юн Сок Ёль.

Түштүк Кореяда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетүүсүн анын өзүнүн партиясы талап кылды. Бийликтеги Элдик партиянын лидери Хан Дон Хундун айтымында, президенттин кызматта калуусу демократия үчүн коркунуч жаратат.

KBS телеканалынын маалыматына ылайык, 6-декабрдагы партия жетекчилигинин кезексиз жыйынында анын лидери президент кызматында кала турган болсо, чоң тобокелчилик жаралышы мүмкүн экенин айткан. Хан Дон Ху президент менен жолукканын, бирок ал жолугушууда анын пикирин өзгөртө турган эч нерсе укпаганын кошумчалаган.

Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар 6-декабрда да чогулду. Ал эми имараттын ичинде оппозициячыл партиянын депутаттары “Президентти камагыла” деп кыйкырып турушту.

4-декабрда Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырган. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 7-декабрда коюлат.

Долбоор парламент тарабынан кабыл алынса, президенттин ыйгарым укуктары жана милдеттери токтотулуп, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болот.

Эрежеге ылайык, акыркы чечимди өлкөнүн Конституциялык соту чыгарат. Соттон колдоо тапкан шартта өлкөдө 60 күн ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек. Сот четке каккан учурда азыркы президент кызмат ордунда калат.

3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндөргөн. Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгаруу үчүн добуш берип, 4-декабрдын таңында президент өз чечимин артка кайтарууга аргасыз болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG