Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

УКМК Салык кызматынын төрагасы жана орун басары кармалганын ырастады


Алтынбек Абдувапов.
Алтынбек Абдувапов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын бүгүн, 6-декабрда кабарлады. Атайын кызмат аты аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирүүдө.

"Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана өз ишине ак ниет мамилеси өзгөчө мааниге ээ, ал эми алар жасаган кылмыштар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин "көмүскөдө" калтырууга жана республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө мүмкүндүк берет. Өздөрүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү үчүн бизнестин айрым өкүлдөрү ар кандай жаңыланууларды, мамлекеттик органдардын ишине активдүү киргизилип жаткан заманбап санариптик технологиялар менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын билдирди.

Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин мекеменин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланган.

Салык кызматы бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Мунун алдында Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Атайын кызмат аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.

УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.

Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айткан. “Кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деген ал. Бишкекте 3-декабрда кармалган салыкчылар коррупциялык схема түзүп алганын кошумчалаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG