Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Казакстанда камактагы журналист Мухаммедкарим өз өмүрүнө кол салды


Жети жылга түрмөгө кесилген казакстандык журналист Думан Мухаммедкарим.
Жети жылга түрмөгө кесилген казакстандык журналист Думан Мухаммедкарим.

Жети жылга түрмөгө кесилген казакстандык журналист Думан Мухаммедкарим өзүнө кол салып, колдорун, ичин, кекиртегин кескилеп салган. Бул тууралуу "Республика" басылмасы журналисттин адвокаты Галым Нурпеисовго таянып жазды.

Маалыматка караганда, ал эки суткадан бери желдеткичи жок жаза камерасында (карцерде) кармалып турган. Адвокаттын айтымында, ал муздак, сыз жерде жаткан. Думан Мухаммедкарим карцердин дубалына кан менен "Ойгон, казак" деп жазган.

Муну менен журналист аны Алматы облусундагы түрмөгө которбостон, Талдыкоргондогу убактылуу кармоочу жайда кармап турушканына каршылык билдирген.

"Мыйзамга ылайык, Думан Алматы облусунда жазасын өтөш керек эле. Бирок аны которбой жатышат",-деди Нурпеисов.

Адвокаттын эсебинде убактылуу кармоочу жайдын администрациясы Мухаммедкаримдин "эркин сындырууга аракет кылууда".

Журналист "экстремисттик топту каржылаган жана тыюу салынган топтун ишмердигине катышкан" деген айып менен быйыл августта эркинен ажыратылган.

ND Youtube каналынын автору Мухаммедкарим күч органдарынын ага коюлган айыптарын саясий куугунтук деп атап келет. Укугу тебеленип жатканын айтып, нааразылыгын билдирип ал буга чейин да бир нече жолу ачкачылык жарыялган.

46 жаштагы журналист камакка былтыр алынган, ага кылмыш иши козголушуна мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен маеги негиз болгон. Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы Казакстанда “экстремисттик” деп жарыяланган. Европа парламенти аны “тынч оппозиция” деп атаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG