Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

УКМК “Яндекс.Таксинин” кеңселеринде тинтүү жүргөнүн билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргөнүн кабарлады.

"Яндекс. Такси Корп" жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат”, - деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.

Атайын кызмат кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мыйзамсыз иштерге катышы бар адамдарды аныктоо жүрүп жатканын билдирди. УКМК кызмат көрсөтүүдө бааларды жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айткан.

“Яндекс.Такси” компаниясы Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке каккан. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын билдирди.

Монополияны жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс.Такси” компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейкону кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.

“Яндекстин” өкүлүнүн жолугушууда айтканына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган. “Яндекс.Такси” Кыргызстанда жүргүнчү ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG