Парижде Нотр-Дам собору (Notre-Dame de Paris) беш жылдан кийин кайра ачылганы жатат. 2019-жылкы өрттөн кийинки калыбына келтирүү иштерине дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген 1300 адис катышты. Алар борбордук чиркөөдөгү курулуштун аякташына арналган аземдин ардактуу коноктору болду.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон тарыхый жайды сактап калуу ишине салым кошкондордун эмгегин жогору баалап, ыраазычылыгын айтты. Адегенде мамлекет башчы собордун ичинде сүйлөмөк, бирок коомчулук диний жайлар саясий максатта пайдаланбоого тийиш деп наарызылыгын билдирген. Собордун ичинде француз падышаларына да сөз сүйлөөгө уруксат берилчү эмес.
Нотр-Дамдын салтанатуу кайра ачылышы 7-декабарда болот. Ага чет элдик лидерлер да чакырылды. Ошондон кийин байыркы чиркөө буга чейинкидей эле туристтер менен динзарларды кабыл ала баштамакчы.
850 жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу менен чатыры 2019-жылдын 15-апрелинде өрттөн улам урап түшкөн. Оңдоп-түздөө иштери 2022-жылы башталган. Ага чейин конструкцияны бекемдөө, куруучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселеси чечилген. Өрт болжолу менен ошол маалда ал жерде иштеп жаткан жумушчулар таштаган тамекиден же электр зымдагы мандемден келип чыккан. Так себеби аныкталган эмес, атайылап өрт коюу версиясы жокко чыгарылган.
Чиркөөнүн курулушу 12-кылымдын ортосунда башталып, 200 жылга жакын убакытта тургузулган.
Шерине