Казакстанда орус президенти Владимир Путиндин келишине каршы чыккан активисттер административдик жоопко тартылды. Марат Жанузаков, Бауржан Балташев жана Уалихан Негметов «майда бейбаштык» үчүн айыпталып жатканын “Азаттыктын” казак кызматына Марат Жунузаков бейшембиде маалымдады.
Анын айтымында, активисттер үйлөрүнүн жанында Казакстан жана Украинанын желектерин кармап үнсүз турушкан. Кийин аларды полицияга чакырып, кечки тогуздан түнкү үчкө чейин кармашкан. Жанузаков 28-ноябрда сот болорун кошумчалады.
Бир күн мурда интернетке жайгаштырылган сүрөттө Балташев жана Негметов желектерди кармап турушат. Жанузаковдун колундагы кагазда “Жогорку мартабалуу мырза, Казакстандан жоголуңуз!” ("Ваше превосходительство, пошел на хрен из Казахстана!") деген орусча жазууну көрүүгө болот.
Veritas.kz укук коргоо уюму полиция муну “уят сөз” деп сыпаттаганын билдирди.
«Азаттык» Көкшетаунун полициясынан комментарий ала албаганын жазды.
27-ноябрда Путин Астанага мамлекеттик сапар менен барган. Баннерлердеги "Жогорку мартабалуу Владимир Путин мырза, Астанага кош келдиңиз!" деген кайрылуу социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Казак Тышкы иштер министрлиги мындай баннерлер мамлекеттик сапардын протоколуна жараша жазылганын билдирди.
Путиндин сапары Украинадагы кырдаал курчуп турган кезге туш келди.
Шерине