Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Украина энергетика жайлары жапырт чабуулга туш болгонун билдирди


Орусиянын соккусу учурунда метродо башкалкалаган укрианалыктар. Киев, 28-ноябрь 2024-жыл
Орусиянын соккусу учурунда метродо башкалкалаган укрианалыктар. Киев, 28-ноябрь 2024-жыл

Киев 28-ноябрда Украинанын энергетикалык инфраструктурасы Орусиянын жапырт чабуулуна туш болгонун билдирди.

Энергетика министри Герман Галущенконун айтымында, өлкөнүн бүтүндөй аймагында электр энергиясын берүүнү чукул токтотууга туура келди.

“Душман кайрадан энергетиканы жапырт аткылап жатат. Коопсуздук абалы жакшырганда соккулардын залакасын тактайбыз, - деп жазды Галущенко Фейсбукка.

Чабуул суук түшүп, абанын температурасы нөл градустан төмөндөгөн маалда коюлуп отурат. Бир нече күн мурун БУУнун расмий өкүлү Розмари ДиКарло Москва Украинанын энергетика жайларын бутага алганы согуш башталгандан берки эң катаң кыш күтүп жатканын эскерткен.

Маалыматтарга караганда, соккулар Киев, Сумы, Харьков, Волынь, Кировоград, Ровно жана башка облустарга урулду.

Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Харьковдун облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаарга үч сокку урулганын, ири райондордун бири аткылоого туш болгонун Телеграм-каналына жазды. Анын кесепети тууралуу азырынча айтыла элек.

Орусия кошуна өлкөсүнө согуш ачкандан бери энергетикалык инфраструктураны бутага алып келатат.

26-ноябрда Украина Орусиянын "рекорддук сандагы" дрон соккусуна кабылганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG