Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Орусияда согушту айыптаганы үчүн соттолгон депутатка жаңы иш козголду


Алексей Горинов
Алексей Горинов

Орусияда Украинадагы согушту ачык сындап чыккандан кийин камакка алынган жаран, Москва шаардык Думасынын депутаты Алексей Гориновго козголгон жаңы кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталды.

Алгачкы сот отуруму 27-ноябрда Владимир шаарында өттү. Ал биринчи кылмыш иши боюнча чегерилген жаза мөөнөтүн ушул шаардагы колонияда өтөөдө.

Сот залында ал "Өлтүргөн жетишет. Согушту токтотолу" деген жазуу менен отурду. Күзөтчүлөр анын колундагы кагазды алдырууга аракет кылышты, бирок Горинов баш тартып, эч кандай эреже бузбаганын айтты.

Адвокат Алена Савельева Гориновдун бронхит оорусу бар экенин, ошондуктан суукта аны сыртка чыгарып, улам бир жакка алып баруу кооптуу болуп жатканын билдирди.

63 жаштагы Горинов Москванын Красносельский районунун депутаттарынын отурумунда согушка каршы сүйлөгөн сөзү үчүн орус армиясы тууралуу "фейк" маалымат тараткан деген айып менен 2022-жылдын жайында жети жылга кесилген.

Былтыр күзүндө ага каршы дагы бир иш козголгону белгилүү болгон. Бул жолу "терроризмди актаган" деген айып тагылган. Тергөөчүлөр ал абакта отурган башка адамдар менен сүйлөшкөндө Украинанын "Азов" аскердик полкун жактаганын айтышкан. "Азов" Орусияда террордук уюм деп жарыяланган.

Горинов абакта бир нече жолу түрдүү жаза чараларына кабылган, жалгыз камерага отургузулган. 2023-жылдын жазында 48 күн бою карцерде кармалган.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккандардын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда. Горинов ушул берененин негизинде соттолгон алгачкы орусиялык жаран. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG