Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Токаев Казакстан Орусиянын "ишенимдүү союздашы" экенин айтты


Владимир Путин Казакстанда. 2024-жылдын 27-ноябры.
Владимир Путин Казакстанда. 2024-жылдын 27-ноябры.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан "тарыхтагы жаңжал жүрүп турган кезде Орусиянын ишенимдүү союздашы" бойдон кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга бүгүн 27-ноябрда башталган мамлекеттик сапарын утурлай "Известия" басылмасына жарыяланган макаласында айтты.

"Казакстан жана Орусия: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору" деген макалада эки өлкө ортосундагы мамиле "бекем жана бузулгус" достуктун үлгүсү боло алары белгиленди.

Токаев Путин менен Астанада соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, отун-энергетикалык жана илимий-техникалык багыттардагы кызматташтык маселелери талкууланарын айтты.

Быйыл Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө. Саммит менен катар Путиндин эки күндүк сапары да уюштурулду.

Ушуну менен Путин орус президенти катары Казакстанга 35-жолу барып олтурат. Бүгүнкү сапары Орусиянын Украинага каршы согушу курчуп турган чакта өтүүдө.

Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечкени өткөн аптада жарыяланган. Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылган.

Казакстан Орусиянын Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун айыптаган да, колдогон да эмес. Орусиянын Украинанын айрым аймактарын аннексиялап алышын тааныган жок. Расмий Астана бул маселелерде нейтралитет позициясын карманат. Бирок быйыл сентябрь айында Германия канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда Токаев Орусия аскердик жактан алып караганда жеңилгис өлкө экенин айткан, кийин бул тезисин дагы бир жолу кайталаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG