Германиянын башкы дипломаты Анналена Бербок Литвада 25-ноябрда болгон учак кырсыгы тышкы таасирдин жардамы менен жасалган "гибрид окуя" болушу ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал Италияда "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Кокустук болдубу же башка гибрид окуябы? Биз өзүбүзгө мына ушул олуттуу суроону беришибиз керек", - деди ал.
Бербок Европада гибрид чабуулдар буга чейин да катталганын, алар "айрым адамдарды жана жердеги да, суу астындагы да инфраструктураны бутага алганын" айтты. Себеби жакында эле Балтика деңизинде телекоммуникация зымдары үзүлгөн окуя болгон, муну расмий органдар атайылап үзгүлтүккө учуратуу аракети деп аташкан.
Министрдин айтымында, Германиянын жана Литванын тийиштүү мекемелери 25-ноябрдагы учак кырсыгынын себебин чогуу иликтеп жатышат.
Литванын контрчалгын кызматынын башчысы Дариус Яунискис журналисттерге:
"Биз террорчулук ыктымалдыгын четке кага албайбыз. Бирок азыркы тапта ошондой болду деп да так айта тургандай маалыматыбыз жок", - деп билдирди.
Литва полициясынын башкы комиссары Арунас Паулаускас учактын ичинде түтүн, өрт же башка өзгөчө кырдаал болбогонун аман калган экипаж мүчөлөрүнүн айткандарына таянып билдирди. Ал тышкы таасир ыктымалдыгы өтө аз экенин айтты.
DHL компаниясынын жүк ташыган Boeing 737-400 учагы Германиянын Лейпциг шаарынан Литвага учуп барып, Вильнюс аэропортуна жетпей кулаган. Ичиндеги төрт кишинин бирөө (учкуч) каза болгон.
Быйыл DHL компаниясынын Улуу Британиядагы жана Германиядагы кампаларында бир нече жолу өрт чыккан.
Батыштын көпчүлүк чалгын кызматтары мындай окуяларга Москваны күнөөлөп, анын Украинага Орусияга каршы согушуна жардам берип жаткан союздаш өлкөлөргө көйгөй жаратуу аракети деп атап жатышат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай ыктымалдыкты четке кагып, "түшүнүксүз маалымат таратып жатышканын" билдирген. (RK)
Шерине