Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде 23 киши жараат алды


Украина, Запорожье.
Украина, Запорожье.

Украинада 25-ноябрда Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын, адамдар жараат алганын, айрым объектилер талкаланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, эртең мененки соккудан кеминде 23 адам жараат алды, ондогон үй кыйрады. Бул тууралуу ал Telegram аркылуу кабарлады.

Бул калаа соңку апталарда орус аскерлеринин чабуулуна бир нече жолу кабылды. Жергиликтүү тургундары жабыркап, жарандык жана энергетикалык инфраструктурасы кыйрады.

Орусиянын дүйшөмбүгө караган түндөгү аткылоосунан Украинанын түштүк аймагындагы Николаев шаарында энергетикалык инфраструктура, түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда өнөр жай объектилери жабыркаганы кабарланды.

Николаевде инженерлер талкаланган электр түйүндөрүн тез арада калыбына келтиришкенин Telegram каналына облус башчысы Виталий Ким жазды. Адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу кабарланган жок.

Запорожьени көздөй орус аскерлери ондогон учкучсуз учак учурганын, бир кичине бала жараат алганын облустук администрация башчысы Иван Федоров билдирди.

Украина Орусиянын агрессиясына 2022-жылдын февралында кабылып, ага каршы согушун ошондон бери улантып келе жатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG