Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Путин "чайлдфри пропагандасына" тыюу салган мыйзамга кол койду


Владимир Путин Кремлде.
Владимир Путин Кремлде.

Орусиянын президенти Владимир Путин ишемби күнү Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңеши тарабынан жактырылган, балалуу болуудан баш тартуу (чайлдфри) идеяларын пропагандалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тыюу интернетте, маалымат каражаттарында, кинолордо жана жарнамаларга тиешелүү.

Мыйзамга бир нече өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде Административдик кодекске да түзөтүүлөр киргизилген. Эми "балалуу болуудан баш тартуу пропагандасы" ЛГБТ пропагандасы жана "жынысты алмаштыруу" менен бирдей каралат.

Бул мыйзамды бузган жарандар үчүн 100 миң рублга чейин, эгер интернетте жана балдардын арасында жайылтылса 400 миң рублга чейин айып пул салынат. Юридикалык тараптарга 5 миллион рублга чейин айып пул салынып, ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу жазасы берилет.

Чайлдфри идеяларын пропагандалаган сайттар Роскомнадзордун "кара тизмесине" киргизилет, ал эми кинолорго коомчулукка көрсөтүүгө уруксат берилбейт.

Ошол эле учурда монастырдык жашоо образы жана никеге турбоо убадасын сактоо жөнүндө маалыматтарды жайылтуу, эгерде ал идеялар диний уюмдардын ички эрежелерине негизделген болсо, пропаганда болуп саналбайт.

Владимир Путин жана башка мамлекеттик жетекчилер көп балалуу болууну жана тукум улоону "салттуу баалуулуктардын" бири катары карап, анын корголушу зарыл экенин көп жолу белгилешкен.

Федерация Кеңешинин кээ бир мүчөлөрү бул мыйзамдын зарылдыгына ишенишпейт. Комитеттин башчысы Андрей Клишас бул маселеде ашыкча укуктук тескөө болорун жана мыйзамды колдонууда карама-каршылыктар жараларын айткан. Бирок мыйзамга каршы добуш берген эмес.

Ишемби күнү Владимир Путин мындан башка бир нече мыйзамдарга да кол койду. Алардын бири Украинанын согушуна катышкан жарандардын 10 миллион рублга чейинки насыясын жоюу маселесин камтыйт. Экинчи мыйзам Орусиянын балдарын жынысын алмаштырууга уруксат берилген өлкөлөрдүн жарандарына асырап алууга же камкордукка берүүгө тыюу салат.


Мыйзамдарды колдогон депутаттар бул чаралар "салттуу баалуулуктарды жана балдарды коргоого" багытталганын айтышкан. Бул тыюу негизинен Батыш өлкөлөрүнө карата колдонулат. АКШ жарандарына орус балдарын асырап алууга 2013-жылы тыюу салынган, ал эми башка Батыш өлкөлөрүнүн жарандарынын асырап алуусу акыркы жылдары өтө аз болгон.

Бул мыйзамдар мурда кабыл алынган репрессивдик чараларды улантып, салттуу баалуулуктарды коргоо максатында кабыл алынган мыйзамдар катары көрсөтүлүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG