Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:45

Трамп мурунку чалгынчы Ричард Гренеллди Украина боюнча атайын чабарман кылып дайындайт


Ричард Гренелл.
Ричард Гренелл.

Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп улуттук чалгын кызматынын мурунку башчысы Ричард Гренеллди Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кылып дайындашы мүмкүн. Мындай кабарды Reuters агенттиги өзүнүн маалыматка эгедер булактарына таянып жазды.

Учурда Вашингтондо Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кызматы жок. Трамптын штабынын өкүлү Кэролайн Ливитт мындай кызматты түзүү мүмкүнчүлүгү жана ага Гренеллди дайындоо маалыматы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Гренелл өзү да мындай суроого жооп берген эмес.

Гренелл Дональд Трамптын мурунку мөөнөтүндө АКШнын Германиядагы элчиси жана президенттин Сербия менен Косоводогу тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча атайын өкүлү кызматтарын аркалаган. 2024-жылдын жайында Гренелл согушту токтотуу үчүн Украинада “автономдуу аймактарды” түзүүнү айтып чыккан. Муну менен катар, Украинанын жакынкы жылдары НАТОго кошулуусун колдобой турганын билдирген.

Мурдараак Дональд Трамп Гренеллди АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына карап жатканы кабарланган.

Гренелл 19-ноябрда Newsmax телеканалына курган маегинде “Байден Украинага акча бөлүүнү көбөйтүп жана көбүрөөк ракеталарды учуруу менен отко май куюп жатканын, АКШда өтө көп аткаминерлер согушту улантууну, каржылоону көбөйтүүнү жактап жатканын, бул аны кабатыр кыларын” айткан. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG