Украинада бүгүн 22-ноябрда Орусиянын дрон чабуулунан дагы эки кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан Сумы облусунда бир нече жолу катуу жарылуу болду. Сумы шаарынын мэри Артем Кобзардын айтымында, каза болгон эки кишиден тышкары 12 киши ар кандай жараат алды, жеринде куткаруучулар, дарыгерлер иштеп жатышат. Ал дрон соккусу уланып жатканын белгилеп, жергиликтүү тургундарды коопсуз жерлерге бара турууга чакырды.
Сокку Shahed учкучсуз учактары менен шаардагы кичи райондордун бирине урулганы маалымдалды.
Мындан тышкары, Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери согуштук дрон менен Киев, Чернигов жана Житомир облустарын бутага алды.
Ал эми Орусия бүгүн украиндер учурган 23 дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жумага караган түнү учкучсуз учак чабуулуна Брянск, Калуга жана Курск облустары кабылды. Кыйроолор, жабыркагандар бар же жогу тууралуу маалымат бериле элек.
Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урганын 21-ноябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский Путин кырдаалды курчутууга ушуну менен экинчи кадам жасаганын белгилеп, биринчиси деп согушка Түндүк Корея аскерлерин тартканын атады. (RK)
Шерине