Бүгүн, 22-ноябрда кыргыз прокуратурасы 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
Буга арналган салтанаттуу иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы прокуратура органдарынын кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү, катаал иши мыйзам үстөмдүгүнүн кызыкчылыгына кызмат кыларын белгиледи.
Мамлекет башчы Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон кийинки тарыхында да кыргыз прокуратасынын орду чоң болгонун айтты. Ошондой эле азыркы учурда коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө да эбегейсиз салым кошуп жатканын кошумчалады.
"Прокурорлордун натыйжалуу иштөөсү менен бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылууда. "Күч кайсы тарапта болгону маанилүү эмес, мыйзам кайсы тарапта экени маанилүү" деген сөз бекеринен айтылбайт. Сиздер карапайым жарандарын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого, Кыргызстанда укук талаасынын бирдиктүүлүгүн камсыздоого жетишип, коррупцияга, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө тийишсиздер", - деди президент.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1924-жылдын 22-ноябрында кыргыз прокуратура органы негизделген.
Кыргызстанда прокуратура органына мыйзамдын эмес, бийлик адамдарынын кызыкчылыгын көздөйт деген сындар дээрлик бардык бийликтин тушунда айтылып келет. 2010-жылкы Апрель окуясында көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон жаалданган топ Башкы прокуратуранын имаратын өрттөп жиберишкен. (ZKo)
Шерине