Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Путин Украинага каршы орто аралыкка атуучу курал колдонулганын айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урду. Бул тууралуу 21-ноябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргонуу-өнөр жай комплексине караштуу объектилердин бирине куралдын бир нече түрү менен сокку урушту. Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири да сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк эмес, гипер ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деди ал.

Путин Украинанын Днепр шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине сокку урулганын айтты.

Путин бул 21-ноябрда Орусияга каршы америкалык жана британиялык алыска атуучу курал колдонулган соккуга жооп болгонун белгиледи.

Украина 19-ноябрда америкалык ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталарынын алтоо менен, 21-ноябрда британиялык Storm Shadow жана америкалык HIMARS системалары менен Орусиянын Украина менен чек арасындагы Брянск жана Курск облустарындагы аскердик объектилерге ракеталык сокку урганын билдирген Путин абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарганын айтты.

Путиндин билдиришинче, Брянскиде курал-жарак сакталуучу кампада ATACMS ракетасынын сыныктары түшкөн жерде чыккан өрт өчүрүлдү, олуттуу зыян келтирилген жок. Ал Курск облусунда "Север" аскердик тобунун командалык пункттарынын бири бутага алынганын, ошол жердеги аскерлер арасында каза болгондор, жараат алгандар бар экенин, командалык жана ыкчам курам жабыркабаганын маалымдады.

Киев Москва континент аралык баллистикалык ракета менен сокку урган болушу ыктымал экенин 21-ноябрда эртең менен билдирген. Орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койгонун, баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурганын кабарлаган.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Х-101 ракеталарынан алтоону атып түшүрүшкөнү маалым болгон.

Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бүгүн ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айткан.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын жаңы куралы ылдамдыгы жагынан да, бийикке учуу жагынан да баллистикалык ракетадай экенин белгилеген.

2022-жылы согуш ачкан Москва эгер Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн алган алыскы аралыкка атуучу куралын Орусияга каршы колдоно турган болсо, кырдаал курчушу ыктымал экенин эскерткен.

Киев орус бийлигин Украинага каршы агрессиясын мажбурлап гана токтотсо болорун айтууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG