Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алуу убактылуу токтотулат


Кыргызстанда колдонулган мобилдик банкинг тиркемелери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда колдонулган мобилдик банкинг тиркемелери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, комиссиядан бошотуу 25-ноябрдан 31-декабрга чейин күчүндө болот.

Мындай тыюу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. Ал эми төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө тиешеси жок. Чет элдик валюта которууда да тыюу иштебейт: сомдон башка валюта менен акча которууда мурункудай эле комиссия алынат.

Мындан тыщкары Кыргызстандын ичинде улуттук валюта - сом менен акча которууларга, анын ичинде өлкөнүн коммерциялык банктарынын эл аралык төлөм системаларынын төлөм карталарына акча которууда да комиссия алынбашы керек.

Улуттук банк мындай чара "накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында" киргизилип жатканын кабарлаган.

Мобилдик тиркеме аркылуу акча которуунун жаңы эрежеси “Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” 23-октябрда кабыл алынган токтомдун негизинде 25-ноябрдан тарта ишке кирет.


Кыргызстан накталай эмес төлөмдөргө өтүү аракетин улантууда. Салык кызматы 1-октябрдан тартып мекеме-ишканалар кызматкерлерине эмгек акыны накталай эмес, банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен. Мындай талап Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу коюлуп жатканы белгиленген. (ZKo)

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG