Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания отставкага кетти


Аслан Бжания.
Аслан Бжания.

Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазиянын президенти Аслан Бжания отставкага кетти. Премьер-министр Александр Анкваб да кызматтан кеткенин “Азаттыктын” грузин кызматы жазды.

“Өлкөдө туруктуулукту жана конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн Абхазия Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык мен Абхазия Республикасынын президентинин кызматынан кетүү тууралуу арыз жазам”, - деп айтылат бийлик менен оппозициянын көп саатка созулган сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Аслан Бжания кол койгон документте.

Эми Абхазиянын парламенти Аслан Бжаниянын арызын карайт. Жикчил Абхазиянын президентинин милдетин вице-президент Бадра Гунба аткарат. Премьер-министр кызматына парламенттин экс-спикери Валерий Бганба дайындалары айтылды.

Оппозициянын акциялары 12-ноябрда, бир нече өкүлү кармалганда башталган. 15-ноябрда жергиликтүү парламент алдына чогулуп, өкмөтүк имараттарды курчоого алышкан, анда жүздөгөн киши топтолгон.

Орусияга артыкчылып бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган митингчилер парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан. Полиция менен тиреш учурунда жумуртка жана бөтөлкө ыргытышканда демонстранттарга каршы кулак тундуруучу каражаттар колдонулган. Айрымдар парламенттин жанында ок атылганын укканын кабарлашкан, кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Москва менен инвестициялык долбоор боюнча мыйзам кабыл алына турган сессия үзгүлтүккө учураган. Абхазия бийлиги келишим республиканын экономикасына жакшы салым болорун билдирүүдө. Оппозиция “республиканын кызыкчылыгы сатылып жатат” деп каршы болууда.

Абхазия жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. Өз алдынча өлкө катары Абхазия менен Түндүк Осетияны алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG