Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

ЕБ миссиясы Бишкекте өкмөт менен ВСП+ боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат


Европа Биримдигинин миссиясы менен Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу.
Европа Биримдигинин миссиясы менен Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу.

Европа Биримдигинин (ЕБ) жалпы преференциялар системасынын (ВСП+) миссиясы Кыргызстанга келип, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, миссия Бишкекке ВСП+ талаптарын сактоо боюнча кыргыз өкмөтү, жарандык коом жана башка өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү үчүн келди.

“Талкуулар өлкөнүн ВСП+ схемасына катышуусу үчүн негизги адам укуктары, эмгек укуктары, экология маселелери боюнча эл аралык 27 негизги конвенцияны ишке ашыруудагы Кыргызстандын жетишкендиктери жөнүндө болот”, - деп айтылат маалыматта.

Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга ВСП+ - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген.

Бул системанын алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей аталыштагы товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Бул экспортту көбөйтүүгө жана экономиканы чыңдоого кенен жол ачат деп айтылган маалыматта. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG