Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Абхазиянын башчысы кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди


Аслан Бжания
Аслан Бжания

Өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Абхазиянын президенти Аслан Бжания нааразылыкка чыккандар Сухумидеги өкмөттүк имараттарды таштап чыгып кеткен соң кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзү туулган Тамыш айылында тарапкерлери менен жолугуп жатып айтканын "Азаттыктын" "Эхо Кавказа" кызматы жазды.

Грузиянын курамындагы, Москва колдогон жикчил Абхазиянын борбор калаасы Сухумиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөргөн оппозиция өкүлдөрү 15-ноябрда жергиликтүү парламент алдына чогулушкан.

Алар Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылышкан.

Митингчилер эртең менен парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машине менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан. Кийин полиция менен кагылышып, парламент имаратынын ичине кирип, президенттин кеңсесин ээлешкен.

Кагылышуу учурунда атылган октун үнү угулганы маалымдалган. Баштапкы маалыматтарда 13 киши жабыркаган.

Нааразылык митингинин фонунда парламент Москва менен болгон инвестициялык келишимдин ратификациясы боюнча сессиясын жокко чыгарды. Кийинчерээк президенттик администрация келишимди артка кайтарууга убада берген. Оппозиция президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып, ультиматум коюшкан.

"Свобода" радиосунун жазганына караганда Аслан Бжания кийинчерээк Сухуми шаарынан чыгып кеткен. Анын маалымат кызматы билдиргендей, ал түн ичинде Сухумиден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Тамыш айылына жеткен.

Грузиянын курамындагы Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүнүн көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башында эле жарыялашкан. 2008-жылдагы Грузия менен болгон согуштун жыйынтыгында Орусия алардын көз карандысыздыгын таанып, эки республиканын аймагына тең орус аскерлери жайгашкан.

Кийинчерээк БУУга мүчө болгон дагы төрт мамлекет – Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. Улуттар Уюмунун документтеринде бул эки аймак Грузиянын региондору деп аталат. Тбилиси Абхазия менен Түштүк Осетия расмий түрдө орус армиясы тарабынан басып алынган деп эсептейт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG