Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:41
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү.

21:44 17.11.2024

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 27,83% түзөт.

Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 844 (24,25%), айылдык кеңештерге 758 087 (30,15%) киши добуш берди.

22:16 17.11.2024
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кандай өттү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

00:23 18.11.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, Ош шаардык кеңешине шайлоодо ат салышкан беш партия тең 5% босого чектен өттү.

Саат 22:50гө карата шайлоого катышкандардын 98.04% добушу эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгына ылайык, эң көп “Жаңы Кыргызстан” партиясы 23 790 (43.36%), андан кийин “Ынтымак” партиясы 10 985 (20.02%), “Мурас” партиясы 8 309 (15.14%), “Бир бол” партиясы 5 350 (9.75%), “Милдет” партиясы 5 705 (10.40%) добуш алды. Баарына каршы 729 киши (1.33%) добуш берген.

00:23 18.11.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышкан 6 партиянын бешөө 5% босого чектен өттү.

Шайлоого катышкандардын 100% добушу эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгына ылайык, эң көп “Жаңы күч” партиясы 36 095 (29.37%), андан кийин “Эмгек” партиясы 26 938 (21.92%), “Адилет” партиясы 18 556 (15.10%), “Ынтымак” партиясы 17 236 (14.02%), “Эл үмүтү” 13 588 (11.06%) алды.

“Улуу-журт” партиясы 1 645 (1.34%) добуш алып, босого чектен өтпөй калды. Баарына каршы 8 812 (7.17%) киши добуш берген.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG