Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:20
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү.

21:44 17.11.2024

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 27,83% түзөт.

Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 844 (24,25%), айылдык кеңештерге 758 087 (30,15%) киши добуш берди.

21:21 17.11.2024

Бүгүн, 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере алган жок. Мындан улам бул округда добуш берүү башка күнү уюштурулат.

Бул тууралуу райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Адилет Супатаев “Азаттыкка” ырастады.

Бул шайлоо тилкесинде 600дөн ашык шайлоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, №1 Тепке шайлоо округунда үч талапкер ат салышып жатат.

19:58 17.11.2024

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере элек. Райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Адилет Супатаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, учурда бир нече адис иштеп, маселени чечүүгө аракет кылып жатат.

Бул шайлоо тилексинде 600дөн ашык шайлоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, №1 Тепке шайлоо округунда үч талапкер ат салышып жатат.

19:02 17.11.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 18:00гө карата 969 787 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 23,45% түзөт.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG