Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл
Добуш берүү учуру. 17-ноябрь, 2024-жыл

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү.

09:07 17.11.2024

Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды.

Добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат.

Республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. Мындан сырткары 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. Мандаттардын 30% аялдар үчүн квота.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүп жатат.

Бул шайлоодо Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG