Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Украинадагы согушта мерт болгон 78 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 78 329 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Мындай эсеп согуш башталгандан бери мерт болгону аныкталган учурлар көбөйө баштаганын көрсөтөт. Бул көрсөткүч былтыр ушул маалга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп, ал эми 2022-жылга караганда эки эседен ашат.

Иликтөөчүлөр сентябрь айында орто эсеп менен күнүгө Украинадагы согушта мерт болгон 140тай орусиялык аскерди аныктап жатса, октябрда бул сан 152ге жеткен.

Мерт болгондордун арасында 26 кыргызстандык жарандын дагы тек-жайы дагы аныкталган. Өзбекстандын 47, Тажикстандын 51 жараны ажал тапканы ырасталган.

Журналисттер набыт болгондордун теңинен көбү согуш башталганга чейин орус армиясы менен байланышта болбогонун, кийин келишим түзүп фронтко кеткенин белгилешет.

"Важные истории" басылмасы сентябрда федералдык бюджеттин чыгашаларына таянып соңку бир жылда орус армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөндөрдүн саны алты эсеге өскөнүн жазган.

Иликтөөчүлөр согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан кеминде мындан кеминде эки эсеге көп экенин белгилешет.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG