Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Кадыр Атамбаев милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин айтып чыкты


Темирлан Султанбеков биринчи сурактан чыккандан кийин. Видеодон алынган скриншот. Бишкек. 14-ноябрь, 2024-жыл.
Темирлан Султанбеков биринчи сурактан чыккандан кийин. Видеодон алынган скриншот. Бишкек. 14-ноябрь, 2024-жыл.

13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү саат 04:30 чамасында милиция кызматкерлери Социал - демократтар партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешине талапкер Темирлан Султанбековдун үйүнө барганын ушул партиянын дагы бир талапкери Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында түз алып көрсөттү. Ал милиция кызматкерлери ата-бала Султанбековдорго "кол салды" деп айтты.

"Султанбековго жана атасына кол салышты. Экөөнү унаага сүйрөп түшүүгө аракет кылып жатышат. Бул мыйзамсыз! Анын шаардык кеңештин депутаттыгына (талапкер катары) иммунитети бар!" деп билдирди Кадыр Атамбаев.

Түз эфирде көрсөтүлгөн тасмада Султанбеков "маалыматты эч жакка чыгарбоо тууралуу" кол коюудан баш тартканын, бирок ошол эле учурда маалыматты эч жакка чыгарбай турганын айтып жатканын, айрым адамдар аны бир жакка алып кетүүгө аракеттенип жатканын, Султанбеков ак машинеге отурганын көрүүгө болот.


Кийинчерээк аларды Бишкек шаардык милициясына алып барышканы маалым болгон.

13-ноябрда кечинде да Атамбаев менен Султанбеков Бишкек милициясында бир нече саат сурак берип чыккан.

Бул аралыкта Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалган.

Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун жана дагы эки адамдын кармалышы, шаршембинин кечинде суракка алынгандар тууралуу толук маалымат бере элек.

13-ноябрдын кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.

Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG