Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Дональд Трамп Майкл Уолтцту коопсуздук боюнча кеңешчи кылып тандады


Конгрессмен Майкл Уолтц
Конгрессмен Майкл Уолтц

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп болочок администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилигине атайын кызматтын мурдагы офицери Майк Уолтцту тандаганын шейшембиде ырастады.

Трамп Уолтцту "коопсуздук жаатында улуттук деңгээлде таанылган лидер" деп атап, "Кытай, Орусия, Иран жана глобалдык терроризм коркунучу боюнча эксперт" деп билдирди. Мурдарак Уолтц Кытайды "АКШ үчүн экзицтенциалдык коркунуч" деп ачык айткан.

Майк Уолтц - Өкүлдөр палатасынын чалгын, куралдуу күчтөр жана чет элдик иштер комитетинин мүчөсү. Орусия өкмөтүнүн кескин сынчысы катары белгилүү. Ал Кошмо Штаттардын азыркы Украинанын коргонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү саясаты жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүү аракетине өтүү керек деп белгилеген. "Дагы көптөгөн миллиарддарды салуу азыркы учурда акылга сыйбаган нерсе", - деген Уолтц.

Республика партиясынын июль айындагы улуттук курултайында Флоридадан келген конгрессмен Дональд Трамптын дарегине мактоо сөздөрүн айткан. Ал сөзүндө "тынчтыкка Американын күчү менен" жетүүгө чакырган.

Трамп өзүнүн тандоосун Уолтцту өзүнүн тышкы саясаттагы "Америка биринчи" принцибинин чечкиндүү колдоочусу болгону менен байланыштырды. Трамп Уотлцту өзүнө кеңешчи кылып дайындоону көздөп жатканын мурдараак бир катар маалымат каражаттары жазышкан.

Трамп Ак үйдө иштей турган жаңы команда мүчөлөрүн жарыялап жатканы да кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG