Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Жер мунапысы: Бишкекте 10 миңдей турак жайдын документи каралат


Ак-Ордо конушу. февраль 2024-жыл.
Ак-Ордо конушу. февраль 2024-жыл.

Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев жер мунапысы боюнча Бишкекте он миңге жакын турак жайдын документи карала турганын билдирди.

Бул тууралуу 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Учурда Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин Шаар куруу департаменти бирге иш алып барып жатат. Бишкек боюнча жалпы 13 жаңы конушта, анын ичинде Төкөлдөштө да көйгөйлөр бар эле. Ал жакта курулуштун долбоору боюнча эмес, кырдаалга жараша эле кетип атабыз. Учурда топографиялык изилдөө иштери бүтүп, жакында кызыл китептерин бере баштайбыз”, - деди Орунтаев.

Мунун алдында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги жаңы конуштардагы жер мунапысы боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча суроо берген.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберген.

2021-жылы апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тууралуу”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген.

Соңку, март айындагы маалыматка ылайык, Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 142 миң 752 арыз келип түшкөн. Учурда 34 миң 112 үйгө паспорт, 46 миң 673 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Жалпы 8 миң 930 гектар жер трансформацияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG