Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

Президент Жапаров Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп сапаттады


Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жаткан учуру.
Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жаткан учуру.

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын дарегине айтылган сындарга пикирин билдирди. "Кабар" агенттигине берген соңку маегинде Жапаров ар кандай терс пикирлерге көңүл бурбай, ишин улантарын белгиледи.

"Мамлекеттин иши менен алек болбой, ар бир аферистке жооп берип отурсам, кантип мамлекетти өнүктүрөбүз? Ошондуктан анча-мынча сындарга көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет. Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз", - деди Жапаров.

Президент журналисттер Сабыр Муканбетов жана Канышай Мамыркулованын комментарийлери тууралуу суроого да жооп берип жатып, аларды "тыштан каржыланган, коомдук туруксуздукка кызыкдар адамдар" деп атады.

Ошондой эле ал абактагы Мелис Аспековдун, чет өлкөгө чыгарылган журналист Болот Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп атады.

"Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат", - деген маегинде президент.

Абакта жаткан Мелис Аспеков соцтармактар аркылуу азыркы бийликти коррупцияга айыптаган бир катар видеолорун жарыялоодо. Анын алгачкы видео кайрылуусун АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына 30-октябрда жарыялаган. Кудайбергенов андан бери да Аспековдун "Кухняда эмес, №1 тергөө абагында тартылганы" айтылган чуулгандуу видеонун бир нече сериясын чыгарды.

31-октябрда “Клооп” жана журналист Болот Темиров Бишкектеги ири “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө чыгарышты. Иликтөөчүлөр өз материалдарында кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу кармалган ишкер Турсунтай Салимовдун “Мадина” базары жана анын жанындагы 32 гектардай жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин белгилешкен.

Журналист Сабыр Муканбетов буларга бийлик тараптан жетиштүү жооп болбой жатканын "Арыба.кж" сайтына курган маегинде билдирип, "мамлекетке алынды делген мүлктөрдү "президенттин туугандарынын, жакындарынын аттары чыгып жатканы" боюнча суроо салган.

Ал эми журналист Канышай Мамыркулова бийликтин кадамдарына саресеп салып, социалдык тармактарда дайыма өз пикирин билдирип келет.

Буга чейин Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да “Клооп” басылмасынын, журналист Болот Темировдун иликтөөлөрүнө жана абактагы активист Мелис Аспековдун кайрылууларына жана аны жарыялап жаткан активист Тилекмат Күрөңовго байланыштуу пикирин билдирген.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында аларды “репутациясы шек жараткан” деп атап, “президент жана анын жакындарына каралоо болуп жатат” деп белгилеген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG