Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

НАТО Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгын айыптады


НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесинде альянска мүчө мамлекеттердин желектери. Архив сүрөт.
НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесинде альянска мүчө мамлекеттердин желектери. Архив сүрөт.

НАТОго мүчө мамлекеттер Орусия менен Түндүк Корея лидерлеринин Украинага каршы Орусиянын күчтөрүн кеңейтүү чечимин кескин айыпташты. Алардын билдирүүсүндө, түндүк кореялык аскерлердин жөнөтүлүшү Украинага каршы согушта Мосвкага колдоону күчөтөт деп айтылат.

"Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгынын тереңдеши альянстын коопсуздугуна олуттуу таасир этүү менен Инд-Тынч океан аймагына да кесепетин тийгизет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Документте Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгын күчөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына каршы келери айтылат.

НАТО боюнча өнөктөштөр Орусияга кайрылып, аталган резолюцияларды, эл аралык милдеттенмелерди сактоого чакырды. Бул билдирүүгө Австралия, Жапония, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея жана Украина кошулду.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна миңдеген түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун билдирген.

Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.

1-ноябрда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда Түндүк Кореянын башкы дипломаты Цой Сон Хи аскерлери Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе деген жок, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айтты. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG