Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Жазуучу, журналист Дүйшөн Керимов акка моюн сунду


Дүйшөн Керимов.
Дүйшөн Керимов.

Белгилүү жазуучу, публицист жана журналист Дүйшөн Керимов бүгүн, 7-ноябрда 68 жашында оорудан улам акка моюн сунду.

Бул маалыматты “Азаттыкка” анын жакындары, калемдештери ырастады.

Дүйшөн Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу маалымат топтолгон “Айкөл Манас оюндары” китебинин, мындан сырткары “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Жол башчы” баштаган бир нече эмгектердин, ондогон аңгеме, эсселердин автору эле.

Көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн калемгер эле. Ал соңку кездери өзүнүн Ютуб каналы аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий, маданий турмушундагы орчундуу, талкуу жараткан окуялар боюнча жеке пикирин активдүү билдирип келген.

Публицист 2022-жылдан бери Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын "Кыргыз тил" гезитинин редактору болуп эмгектенип жаткан.

Жакындарынын айтымында, Керимов менен коштошуу зыйнаты 9-ноябрь күнү саат 11:00дө Таш-Дөбө айылында өтөт. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG