Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Дональд Трамп негизги штаттарда алдыга чыгууда


АКШда мурдагы президент, республикачылардын талапкери Дональд Трамп добуштардын саны боюнча "селкинчек" же "оома" деп мүнөздөлүп жаткан Түндүк Каролинада жана Жоржияда жеңишке жетип, Ак үйгө кайтып баруу мүмкүнчүлүгүнө жакындоодо. Мындай ыктымалдык анын атаандашы, демократтардын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харристин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кыскартууда.

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий эмес долбоорлорунун эсептөөлөрүнө караганда, азыркы саатка карата шайлоочулар коллегиясынын 246 добушуна Трамп, 210 добушуна Харрис ээ болууда. Өлкөнүн 47-президенти болуп шайланыш үчүн 270 добуш талап кылынат.

Калган "селкинчек" же "оома" штаттар Аризонада, Мичиганда, Невадада, Пенсильванияда жана Висконсинде да Трамп бир аз алдыда келе жатат.

Трамптын шайлоо штабы ал Флоридадагы үйүнөн Палм-Бичтеги конференц борборго барарын, ошол жактан өзүнүн шайлоочуларына кайрылуу жасай турганын кабарлады.

Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдады.

Добушу маанилүү Иллинойс штатында шайлоочулар коллегиясынын 19 добушу Харриске тийди.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп да бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

АКШдагы бул жолку президенттик шайлоо Орусиянын Украинадагы согушуна, Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалга жана башка глобалдык маселелерге таасирин тийгизе турган тарыхый президенттик шайлоо деп бааланууда.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG