Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Орусиянын үч шаарында Кыргызстан ИИМнин өкүлчүлүгү ачылды


Кыргызстан ИИМ Орусиядагы өкүлү Кылычбек Жолдошев жана Орусия ИИМнин өкүлү Вячеслав Севрюков. Москва. 5-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстан ИИМ Орусиядагы өкүлү Кылычбек Жолдошев жана Орусия ИИМнин өкүлү Вячеслав Севрюков. Москва. 5-ноябрь, 2024-жыл.

Кыргызстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы расмий өкүлчүлүгүнөн тышкары дагы үч - Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында өкүлчүлүктөрү түзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлү болуп Таалайбек Төлөгөнов дайындалган. Екатеринбург шаарында Нурдин Жороев, ал эми Новосибирск аймагында Эрнест Асанов ИИМдин өкүлү болуп дайындалган.

Ал эми Москва шаарындагы расмий өкүлчүлүктү Кылычбек Жолдошев жетектейт. Ал 15-сентябрда каза тапкан Исмайил Сагыналиевдин ордуна дайындалды. Кылычбек Жолдошев мурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

"Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандарыбыздын негизги бөлүгү Орусиянын аймактарында жүргөнүн эске алып, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын башка шаарларында да өкүлчүлүктөрүн иштете баштады", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан ИИМнин өкүлдөрү 5-ноябрда Орусиянын ИИМнин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилигине жолугушуп, мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Орусияда жашап, иштеген кыргызстандык жарандардын саны 411 миңге чамалуу.

Быйыл мартта Москвада "Крокус Сити Холл" соода борборундагы теракттан кийин Орусияда мигранттарга мамиле катаалдаша баштаган. Кыргызстандык мигранттарды түрдүү себептер менен Орусиядан депортациялоо күч алган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG