Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

БШК камалган талапкер Дүйшөналиевдин укугу бузулуп жатканын билдирди


Болотбек Дүйшөналиев.
Болотбек Дүйшөналиев.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган Болотбек Дүйшөналиевдин катталган талапкерлик укугу бузулууда деп эсептейт. Мекеменин маалымат бөлүмү бүгүн 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө мыйзам бузулганын белгиледи жана шайлоо эрежелерин так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы быйыл 14-октябрда Дүйшөналиевди “Эркин Эл” саясий партиясынын тизмеси менен шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган.

Боршайком белгилегендей, “Жергиликтүү кеңеш депутатын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, каттоодон өткөн күндөн тартып шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугу болбосо, эгер кылмыш жасагандыгы үчүн ошол жерден кармалган болбосо кылмыш жообуна тартылбайт, кармалбайт жана камакка алынбайт.

“Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан талапкер Дүйшөналиевди кылмыш жообуна тартуу боюнча макулдук берүү тууралуу кайрылуу түшкөн эмес”, - деп айтылды БШКнын маалыматында.

Жалал-Абад облустук милициясы 3-ноябрда билдиргендей, Тергөө кызматы 2-ноябрда Дүйшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгүнүн негизинде айып тагылып жатканын угузуп, кармаган.

Бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, ал 22-ноябрга чейин камакка алынган.
Жогоруда аталган айыптын жаза чарасы – беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.

36 жаштагы Болотбек Дүйшөналиев буга чейин социалдык түйүндөрдө Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан. Нааразылык иретинде онлайн-митинг өткөрүү тууралуу пикирин билдирген. Мындан тышкары райондогу бала бакча, мектеп, жол маселесине байланышкан бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөн.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Кыргыз бийлиги кайсы гана саясатчы же активист кармалып-камалбасын, эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип келет. Президент өзү да интервьюларында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап турат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG