Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

“ПолитКлиника” белгисиз адамдар кызматкерлеринин маалыматын чогултуп жатканын билдирди


“ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.
“ПолитКлиника” медиасынын эн белгиси.

“ПолитКлиника” медиасы өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар порталдын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жана журналист Адахан Аманатовдун жеке маалыматтарын чогултуп жатканын билдирди.

“ПолитКлиника” ал адамдардын тек-жайын аныктоого мүмкүн болбогонун, редакция расмий органдардан маалымат алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Жакында эле “Апрель” медиасы да өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар кабарчысы Юлия Кулешованын жеке маалыматтарын чогултуп жатканын кабарлаган. “Апрель” бул боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, ал адамдар чын эле укук коргоо органдарында иштеген-иштебегенин тактап берүүнү сураган.

Журналисттерге байланыштуу бул эки окуя тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да комментарий бере элек.

2-ноябрда АКШнын, Улуу Британиянын жана Австралиянын Кыргызстандагы элчиликтери кыргыз бийлигин көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого жана кесиптик ишмердигин толук кандуу аткаруу үчүн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG