Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

НАТО: Орусия Арктиканын климаты боюнча маанилүү маалыматты жашырууда


Ак аюу, Колючин аралы, Чукотка.
Ак аюу, Колючин аралы, Чукотка.

Financial Times гезити НАТОнун жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме кылып, Орусия Арктикадагы климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана кесепеттери боюнча окумуштууларга зарыл болгон маанилүү маалыматтарды жашырып жатканын жазды.

Арктика планетанын эң ылдам ысып бараткан аймагы болуп саналат. Андагы климаттык абал боюнча маалыматтар 95 метеостанциянын тутумунан жыйналат.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин 21 станция ишин токтоткон. НАТОнун өкүлүнүн айтымында, ал станцияларсыз маалыматты чогултуу анча натыйжалуу болбой калат.

Аткаминер мындай маалыматтардын негизинде климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү пландары иштелип, саясий чечимдер кабыл алынарын белгилеген. Басылма окумуштууларды Орусиянын арктикалык аймагындагы мөңгүлөрдүн эриши кабатыр кылып жатканын жазган.

НАТОнун билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун 11-22-ноябрда Бакуда өткөнү жаткан климат боюнча конференциясын утурлай жарыяланды. (KbA)

XS
SM
MD
LG