Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

Орунбеков Аспеков Матраимовдон 3 млн доллар алып, өзүнө коротуп койгонун билдирди


Дайырбек Орунбеков, Мелис Аспеков жана Райымбек Матраимов. Коллаж.
Дайырбек Орунбеков, Мелис Аспеков жана Райымбек Матраимов. Коллаж.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков камакта жаткан активист Мелис Аспеков 2020-жылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын, каражатты өзү пайдаланганын билдирди. Бул тууралуу ал 2-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүндө 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин президенттик шайлоого даярдык башталганда Мелис Аспеков “шайлоого керек деген шылтоо менен бир топ аткаминерден, бизнесмендерден акча алып жүргөнүн” Садыр Жапаров билип калып эки жолу эскертүү бергени айтылат.

“Мелис Аспеков видеолорунда чындыкты жарым-жартылай айтып атат. Ал чындап эле Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алган. Бирок Садыр Жапаровго да, башкасына да берген эмес. Райым Матраимов Мелис Аспеков андан алган акчаны эч кимге бербей, өзүнө алганын, Садыр Жапаров эч кимден акча талап кылбаганын жана өзүн Мелис алдап кеткенин билип калып “Мелис акчаны кайра кайтаргын” деп Аспековдон акчасын доолай баштаган. Ал кезде Матраимов да камала элек, мыйзамдагы ууру аталган кримавторитет Камчы Көлбаев да тирүү болчу”, - деп жазды ал.

Райымбек Матраимов ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатат.

№3 түзөтүү колониясында жаткан Мелис Аспековдун Бишкектеги №1 тергөө абагында тартылган делген видеосун АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына 30-октябрда жарыяланган. Чуулгандуу видео качан жана аны ким тартканы белгисиз.

Видеодо Мелис Аспеков 2023-2024-жылдардагы окуяларга: кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) УКМКнын атайын операциясында жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгенине токтолгон.

Ал 2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон “жалпысынан 3 миллион доллар алынып, Садыр Жапаровго берилгенин, анын 1,5 миллионун жеке өзү алып барып бергенин” айткан. Бирок ага эч бир далил көрсөткөн эмес.

Мелис Аспековдун абактан жазган ушундай эле мазмундагы каты сентябрь айында да жарыяланып, ал бул боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Камчыбек Ташиев бул кат боюнча 7tv.kg сайтына чакан маек берип, “Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”, - деп жооп бергенин билдирген.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Мелис Аспеков 2021-жылдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке “15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу” деген айып тагылып, “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Мелис Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, “саясий негизде иш козголгонун” билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылдын мартында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы июлда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, Аспековду “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылдын май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн каражаты болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайра кайтарып бергенин жазган. УКМК муну төгүндөгөн.

2023-жылдын сентябрында социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны кайра кармаган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап, кайра жети жылга эркинен ажыраткан. Активист бул айыптарды четке каккан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG