Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:07

ЖАК абактагы Аспеков айып изоляторуна камалды деген билдирүүнү четке какты


Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

Жаза аткаруу кызматы жети жылга эркинен ажыратылып, абакта отурган Мелис Аспеков №3 абакта жазасын өтөп жатканын билдирип, ал айып изоляторуна камалбаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы Аспековдун социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусу боюнча да өзү менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн 31-октябрда маалымдады. Сүйлөшүү учурунда Мелис Аспековго күчөтүлгөн режимдеги түрмөнүн талаптарын аткарууга тийиштиги эскертилген.

"Учурда Аспековдун коопсуздугуна коркунуч жок. Ал жазасын өтөп жаткан абакта бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Аспеков айып изоляторуна алынган жок", - деп жазылган маалыматта.

29-30-октябрда АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) Фейсбуктагы баракчасына Мелис Аспековдун видеолорун жарыялаган. Андан кийин Аспеков түрмөнүн айып изоляторуна камалганын жазган.

Видеокайрылууда Аспеков 2023-2024-жылдардагы окуяларга: кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгенине токтолгон.

Абактагы активист 2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Матраимовдон "жалпысынан 3 миллион доллар алынып, Садыр Жапаровго берилгенин, анын 1,5 миллионун жеке өзү алып барып бергенин" айткан. Бирок ага эч бир далил көрсөткөн эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге атайын кат жазып, кылмыш ишин козгоону суранганын билдирген.

Кийинчерээк Жаза аткаруу кызматы бул тасма Аспеков кармалып турган абакта тартылбаганын билдирген.

27-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аспековдун каты боюнча комментарий берип, ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин чоң ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзү кымырып алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айткан.

Аспеков абактан мындай мазмундагы катты быйыл март айында да жазган. Ал кезде президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков анда айтылгандардын баарын четке каккан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Активист бул айыптарды четке каккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG