Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Шаардык сот эки журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды караган жок


Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. Сүрөттү Жанайым Зарылбекова тарткан.
Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. Сүрөттү Жанайым Зарылбекова тарткан.

31-октябрда Бишкек шаардык соту Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын адвокатынын арызын кароодон баш тартты.

Бишкектин Ленин райондук соту 26-сентябрда Махабат Тажибек кызын жана Азамат Ишенбековду 2-декабрга чейин камакта калтырган. Бул токтомго каршы адвокат Улан Сейитбеков шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бишкек шаардык соту шектүүлөргө 10-октябрда райондук сот өкүм чыгарган деген негиз менен арызды караган жок.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирген.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечиминен кийин бошотулду. Калган жетөө ага чейин эле ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo/MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG