Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

"Хезболла" Насралланын ордуна Кассем дайындалганын жарыялады


Наим Кассем.
Наим Кассем.

"Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жаңы лидери (башкы катчы) кылып буга чейинки жетекчиси Хасан Насралланын орун басары болгон Наим Кассемди дайындады. Бул тууралуу топтун 29-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Кассем "Хезболланын" башкы катчысынын орун басары кызматын 1991-жылдан бери аркалады. Ал Ливан парламентине шайлоого алгач катышкан 1992-жылдан бери топтун шайлоо өнөктүктөрүн уюштуруу ишин көзөмөлдөдү. Топтун атынан билдирүүлөр да ал аркылуу жасалчу.

"Хезболланы" 1992-жылдан бери башкарган Хасан Насралла быйыл 27-сентябрда Израилдин Ливандын борбору Бейрутка жасаган аба соккусунан каза болгон. Израилдин премьер-министри Биьямин Нетаньяху: "Биз "Хезболланын" мүмкүнчүлүктөрүн жок кылып жатабыз. Миңдеген террорчуларды, анын ичинен Насралланын өзүн, Насралланын ордуна келе турган кишини, анын да ордуна келе турган кишини жок кылдык", — деп быйыл 8-октябрда билдирген.

2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңдей, Ливанда 2 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.

АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG