Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Украина эң жапырт чабуулдардын бирине кабылганын кабарлоодо


Shahed дрондорун атып түшүрүү. Украина. 2024-жылдын июль айы.
Shahed дрондорун атып түшүрүү. Украина. 2024-жылдын июль айы.

Украина борбор калаасы Киев 18-октябрга караган түнү Орусиянын мурдагы аба соккуларына караганда бул жолу эң көп дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Орус армиясы украин аймагына жалпысынан 135 жанкечти дрон учурганын, анын 80ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн, экөө Беларус тарапка учуп кеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү маалымдады.

Украин аскерлери кабарлагандай, Орусия бул жолку чабуулунда 14 облуста, анын ичинде Киев аймагында Shahed дрондорунан тышкары «белгисиз типтеги» учкучсуз учактарды да колдонду.

Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко жума күнгө караган түнкү чабуулду буга чейинкилерге салыштырып караганда "Украинанын жарандары жана инфраструктурасы бутага алынган эң массалык чабуулдардын бири" болгонун айтты.

Попконун белгилешинче, Киев тарапты көздөй учуп бараткан дрондорду 4,5 саат бою аткылап турууга туура келди, алардын баары жок кылынды, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Орусия Украинанын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG