Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Ош-Баткен жолунда автокырсыктан төрт адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-октябрда, түнкү саат 02:50 чамасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында - Кызыл-Кыя шаарында батыштан чыгышка бараткан "Мерседес-Бенц-211" автоунаасы карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.

Натыйжада каршы багытта келе жаткан "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү автоунаасын менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болгон. Дагы төрт адам ооруканага жеткирилди, алардын биринин абалы оор экени кабарланууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыгынын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG