Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

ЖКда Орусияда кысымга кабылган мигранттардын көйгөйү айтылды


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы отурумунда айрым депутаттар Орусияда кыргызстандык мигранттар укук коргоо органдарынын басым-кысымына кабылып жатканын айтып, бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарын бузарын билдиришти.

Депутат Медербек Алиев ЕАЭБ түзүлгөндө ага кирген мамлекеттер өз өлкөлөрүндө уюмга мүчө мамлекеттердин мигранттарына шарт түзүп берүү милдеттенмесин алганын, бирок ал аткарылбай жатканын айтты. Ушундай эле маселени дагы бир депутат Эмил Токтошев да көтөрдү.

“Биз ЕАЭБдин ичинде кызматташууну тереңдетүү боюнча мыйзамдарды кабыл алып атабыз. Бирок ага карабастан Орусияда бизге арызданган жарандарыбыз көп. Аларды кемсинтүү, басмырлоо, “Сахарово” борборуна алып барып кыйноо фактылары бар. Орусияга барганда аэропорттон кармап алып “эмнеге келдиң?” деп суроо берип киргизбей жатышат”, - деди Эмил Токтошев.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев быйыл жазында Москвада “Крокус Сити Холл” борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракттан кийин Орусия миграциялык саясатын катаалдаштырганын айтты. Ал кыргызстандык мигранттарга Орусияда жасалган мамиле боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине эки, үч жолу чакырылганын кошумчалады.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан.(BTo)

XS
SM
MD
LG