Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Нетаньяху БУУну Ливандан бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху

13-октябрда Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху БУУну Ливандын түштүгүндөгү "кооптуу аймакта" жайгашкан бейпилдик күчтөрүн (UNIFIL) чыгарып кетүүгө чакырды.

"Муну азыр, токтоосуз ишке ашыруу керек", - деди Нетаньяху министрлер кабинетинин жыйынында.

Анын алдында Ливандагы БУУнун бейпилдик күчтөрү соңку күндөрү израил армиясынын соккусунан жалпы беш аскери жараат алганына карабастан, аймактан чыгып кетүүдөн баш тарткан.

Нетаньяхунун айтымында, муну менен бейпилдик күчтөрү "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) жоочулары үчүн "тирүү калкан" болуп, өздөрүнүн жана израил жоокерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратып жатышат.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛдын соккуларынан 11-октябрда БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн шриланкалык эки аскери жараат алган. Бул чабуулдан кийин Франция Израилдин элчисин чакыртып, Италия, Испания менен чогуу чабуулду айыптаган билдирүү таратты.

Израил аскерлери миссиянын кеңсесинен 50 метр аралыкта жайгашкан “коркунучтуу” жайды бутага алганын жүйө келтирүүдө. БУУнун бейпилдик күчтөрү билдиргендей, окуя алардын Накура шаарындагы баш кеңсесине жакын жерде болгон жана израил күчтөрдү миссиянын аскерлери жашырынган бункерди да аткылашкан. Бир катар транспорттук жана байланыш каражаттары жабыркаган.

БУУнун Ливандагы бейпилдик күчтөрү 9500 адамдан турат. Алар Ливанга биринчи ирет 1978-жылы израил армиясынын тынчтык жол менен чыгып кетиши үчүн киргизилген.

XS
SM
MD
LG