Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу сунушталды


Оң рулдуу автоунаа.
Оң рулдуу автоунаа.

Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу сунушу берилди. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоорун 7-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда колдоду.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып калган.

Ушундан улам алар патент менен иштеп келатат. 2018-жылы такси кызматын көрсөткөндөр 69 миңден ашык, 2019-жылы 59 миң, ал эми 2023-жылы 28 миң патент алган. Адылбек Бийбосунов акыркы жылдары таксисттерди көзөмөлдөгөн орган жок болуп калганын айтты.

Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия үч жылдан аз эмес автоунаа айдагандарга берилет. Андан тышкары машиненин техникалык абалы жакшы болушу шарт. Жумушка чыгарда айдоочу медициналык кароодон өтүшү керек. Лицензиянын алдын ала баасы 500-600 сом болот жана бир жылга берилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, лицензия оң рулдуу автоунаалардын ээлерине берилбей турганын айтып, аны оң рулдуу автоунаалар жол кырсыгына көп кабылып жатканы менен түшүндүрдү.

“Оң рулдуу машинеге лицензия берилбейт. Себеби 2024-жылы 910 оң рулдуу автоунаа катышкан жол кырсыгы катталып, 56 адам каза болуп, 1420 киши жаракат алды. Анын ичинен 712си оң рулдуу автоуаанын күнөөсү менен болгон”, – деди ал.

Эмил Жакыпов Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу автоунаа бар экенин, анын канчасы такси кызматын көрсөтөрү боюнча маалымат жок экенин айтты.

Министрлер кабинети быйыл жыл башында да оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарган. Өкмөттүн мындай демилгесине оң рулдуу автоунаанын ээлери нааразылыгын билдирип келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG