Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Иркутскиде өзбек жана тажик борборлорунун жетекчилиги кармалды


Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар түзгөн топтордун дагы экөөнүн жетекчилиги кармалды. “ИрСити” басылмасы Орусиянын Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча башкармалыгынын 3-октябрдагы маалыматына таянып жазгандай, Иркутскиде "мыйзамсыз миграция уюштурган" деген шек менен өзбек улуттук борборунун башчысы Юсуп Кулматов жана тажик диаспорасынын башчысынын орун басары (анын аты-жөнү кабарланган жок) кармалды.

Кылмыш иши быйыл май айында мигранттардын мектеби жабылган окуя боюнча тергелип жатканы кабарланды. Тергөө комитети билдиргендей, мектепти аяктаганы, орус тили боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырганы тууралуу сертификаттар мигранттарга "Орусиянын мыйзамдарында жазылган тийиштүү тартипти бузуу менен берилип турганы" жана алар ошол сертификатын көрсөтүп патент, убактылуу жашоого уруксат документтерин алып жүрүшкөнү маалымдалды. Кармалган жетекчилерди тергөөчүлөр жалпысынан 1,5 миллион рубль пара алган деп айыптап жатышат.

Быйыл 30-сентябрда Мамлекеттик Дума мыйзамсыз миграция үчүн жаза чарасын катуулаткан беш мыйзам долбоорун карай баштады. Орусиянын миграция саясатын катаалдатуу керек экенин Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин талап кылууда. Анын айтымында, мигранттар аралашкан кылмыштар көбөйдү.

Талдоочулар орус бийлигинин мындай аракетин мигранттарды көбүрөөк кармап, Украинадагы согушуна салуу саясаты деп атап жатышат.

Орусияда өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчиси Усман Баратов төрт жылга эркинен ажыратылса, "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамалов кармалганы быйыл август айында маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG