Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

"Хезболла" лидери Хасан Насралла каза тапканын ырастады


Хасан Насрала.
Хасан Насрала.

Ливандагы радикалдык "Хезболла" саясий тобу лидери Хасан Насралла каза тапканын расмий ырастады. Насралла бул куралдуу согушкерлер тобун жана саясий партияны узак жылдардан бери жетектеп келген.

ЦАХАЛ Насралла 27-сентябрдын кечинде израилдик кыргын салуучу учак "Хезболланын" Бейруттагы турак үйлөрдүн бириндеги башкы штабына сокку урганда өлтүрүлгөнүн билдирген.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛ жума күнү Бейруттун түштүк районуна "Хезболланын" борбордук кеңсесине чоң сокку урган. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кеминде алты адам набыт болуп, 91 адам жараат алганын жарыялаган.

Апта башынан бери Израил армиясы Ливандын негизинен түштүк аймактарына сокку уруп, бул райондордо курал, атуу үчүн орнотулган жабдыктар жана “Хезболланын” мүчөлөрү бар экенин белгилеп жатат. Жай тургундардын үйлөрүн пайдаланып жатканын четке каккан "Хезболла" да Израилди көздөй ракеталарды учурууда. Соңку күндөрдөгү соккулардан “Хезболланын” бир нече командири каза болгон.

XS
SM
MD
LG