Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

АКШ жана союздаштары Израил-Ливан чек арасындагы атышууну 21 күнгө токтотууга чакырышты


Ливан.
Ливан.

11 өлкө жана Европа Биримдиги Израил менен «Хезболла» жоочулар тобун атышууну тез арада токтотуп, үч апталык элдешүү жарыялоого, бул убакыттын ичинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырышты. Алардын биргелешкен билдирүүсү 25-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган сессиясында кабыл алынды.

Билдирүүдө Израил менен “Хезболланын” ортосундагы кармаштын жалпы аймакка ырбап кетүү коркунучу бар экени, бул Израилдин да, Ливандын да кызыкчылыгына туура келбей турганы белгиленди.

Документке АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада, Австралия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар кол коюшту.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. Былтыр октябрда анын өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат.

«Хезболла» Израилдин «Моссад» мекемесин быйыл 17-18-сентябрь күндөрү Ливанда пейжер, рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, отуздан ашуун адамдын өмүрү кыйылган чабуул үчүн айыптоодо. Анда бутага негизинен "Хезболланын" мүчөлөрү алынганы кабарланган. Ал эми 22-23-сентябрда Израилдин соккуларынан Ливанда дагы 560тай адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам эвакуация болгон.

Бул окуялардан кийин аймакта чыңалуу курчуй баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG