Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады


Нью-Йорк шаарындагы БУУнун баш кеңсесинин алдындагы мамлекеттик желектер
Нью-Йорк шаарындагы БУУнун баш кеңсесинин алдындагы мамлекеттик желектер

Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Кыргызстан шайланган учурда, Коопсуздук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле анын курамын аймактык өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун эске алуу менен кеңейтүү ишин улантат. Африка өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигин оңдоо жана Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө мамлекеттин эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланбагандыгын эске алып, тарыхый адилетсиздикти жоюу убактысы келди», - деди Жапаров.

Кыргызстандын лидери ар бир өлкө эл аралык чыңалууну азайтууга умтулушу зарылдыгын баса белгилеп, куралданууга кеткен чыгымды азайтууга, кагылышуулардын күчөшүнө жол бербөөгө, бардыгы үчүн адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн дүйнөнү курууга үндөдү.

Коопсуздук Кеңеши БУУнун негизги алты органынын бири болуп саналат. Кыргызстан буга чейин туруктуу эмес мүчөсү болгон эмес. Кезектеги шайлоо 2026-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтөт. Кеңештин 15 мүчөсү бар, алардын арасынан Кытай, Орусия, Британия, АКШ жана Франция туруктуу макамга ээ. Калган 10 мүчөсү эки жылдык мөөнөткө шайланат. (RK)

XS
SM
MD
LG