Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

Орусияда баллистикалык ракетаны сыноо ийгиликсиз аяктаганы кабарланууда


Орусия. Архивдик сүрөт.
Орусия. Архивдик сүрөт.

Спутниктен тартылган жаңы сүрөттөргө караганда, Орусиядагы космодромдордун биринде чоң оюк пайда болду. Эксперттердин пикиринде, бул континент аралык баллистикалык ракетаны сыноо ийгиликсиз аякташынын белгиси болушу ыктымал.

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Архангельск облусундагы Плесецк космодромунун сүрөттөрүнөн өрт өчүрүүчү төрт машинени көрүүгө болот.

X социалдык түйүнүнө OSINT-аналитик @MeNMyRC1 жазгандай, сөз РС-28 "Сармат" ракетасы тууралуу болууда. Башка талдоочулар да бул пикирге кошуларын айтып жатышат.

Эгер эксперттердин маалыматы анык болсо, анда "Сармат" ракетасы ийгиликсиз учурулган окуя ушуну менен төртүнчү жолу катталууда.

2000-жылдардын башында иштелип чыга баштаган "Сармат" - 18 миң чакырымга чейин учууга ылайыкталган ракета. Узундугу 35 метр. Ал ар түрдүү согуштук дүрмөт менен 10 тонналык жүктү көтөрө алат. (RK)

XS
SM
MD
LG