Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Адвокат Самат Матцаков Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкпаганын айтты


Дүйшөнбек Зилалиев. Архив.
Дүйшөнбек Зилалиев. Архив.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаты Самат Матцаков анын коргоосундагы адам үй камагына чыкканы тууралуу маалыматты четке кагып, ал Бишкектеги №1 тергөө абагында эле жатканын айтты. Бишкектин Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту да мурдагы чиновниктин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралбаганын билдирди.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев тергөө бүткөнгө чейин үй камагына коё берилгенин жазышкан.

Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалганы 12-сентябрда белгилүү болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка айыптап жатканын “Азаттыкка” атайын кызматтагы булактар билдиришкен. Азырынча расмий маалымат бериле элек. Шектүүлөр анык кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү беймаалым. Адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы иштеген учурда “мыйзамсыз иштерди жасаган” деп шек саналып жатканын жазышты. 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 4-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

51 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.

2018-жылдын октябрында Зилалиевге Жазык кодексинин “Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу” беренесинин негизинде иш козголуп, шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган.

2020-жылы Башкы прокуратура ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга абакка кескен.

2021-жылы июнда Жогорку сот Зилалиевге “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Жогорку сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.

44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG